Казан, мангал жана эркектер ырахат алган башка нерселер
Wikipedia дан
КАЗАН, МАНГАЛ ЖАНА ЭРКЕКТЕР ЫРАХАТ АЛГАН БАШКА НЕРСЕЛЕР
Акыркы жылдары кыргыздардын жашоо-турмушу да, ага жараша ичкен тамагы да кыйла өзгөрдү. Дасторконубузга жөнөкөй жана күчтүү келген тоолуктардын беш-бармагы менен казы-картанын ордуна отурукташкан элдердин даам-татымы көп кырдуу жана жасалышы татаалыраак палоо, чүчвара сыяктуу тамак-ашы көбүрөөк коюлат. Бул да болсо жашоонун шарданына ылайыкташа билүүнүн зарылдыгынан келип чыгат. Себеби бийик тоонун татаал шартында бир бөлөк, күнү ысык өрөөндө бир бөлөк тамактанбаса, ден-соолукка да оорчулук келет эмеспи. Ошол эле мезгилде аркалыктардын азыктануусу Фергана өрөөнүн жердеген башка элдердин таасирине абалтан кабылган ичкиликтердикинен өзгөчөлөнүп турат. Ал эми ичкиликтердин дасторконуна коюлган тамак-аш өз кезегинде байыркы көчмөн түрктөрдүкү менен түштүктөгү ооган, перси, индус элдеринин маданий жуукташуусунун натыйжасы болуп саналат.
Буга палоо жасоодогу айырмачылыкты мисалга келтирсе болот. Себеби Түштүк Азия элдеринде палоодо күрүч өзүнчө басылып, эт өзүнчө бышырылат. Орус тилиндеги интернетте ашпозчулуктун билерманы саналган Сталик Ханкишиевдин көз карашында, борбор азиялык палоо мына ушул эки бөлөк ашпозчулуктун ортосунан келип чыккан: "Борбор Азияда палоону бир эле казанда басышат. Бул эки бөлөк маданият кагылышкан биздин аймакта пайда болду. Болбосо, мурда күрүчтү башкаларынан бөлөк даярдашкан. А бизде бул экөө биригип калды.
Күрүч демекчи, түштүктө өзгөн же девизара күрүчүн өстүрүшөт. Ушул күндөрү Чыгыш элдеринин тамак-ашы тууралуу китеби Орусияда жарык көргөн маектешибиздин сөзү боюнча, мындай күрүчкө окшош сортторду Бутанда жана Таиландда кездештирүүгө болот, болбосо девизаранын мекени - Фергана. Маектешибиздин айтымында, девизара өтө популярдуу, күрүчтүн башка түрлөрүн Фергана өрөөнүнүн жашоочулары айла жокто гана колдонушат. Ал эми чыныгы палоону бир гана девизарадан басыш керек.
Адам тамак ичип жатканда жашоо токтоп турат деп айтышат эмеспи, ошондуктан аны кылдаттык менен ыракаттанып бышырып, беймарал отуруп жеген туура го. Сырттан таасирлер демекчи, палоого эт туурай баштаганда жүз грамдан көтөрмөй, бышып калганда да бир сыйрадан куймай салт болуп калган. "Казан, мангал жана эркектерди ыракаттандырган дагы башка нерселер" деген китебинде ферганалык Ханкишиев: "Ичкилик палоо чыгарыла электе эле токтотулат",-деп жазат.-Мен ичкиликке мекендештеримди көпчүлүгүндөй эле карайм. Айрымдардын буга көз карашы кийинки кездерде эле өзөрдү. Бирок мен аракты ыстакан же бөтөлкө менен эмес, рюмка менен өлчөйм, жана мен үчүн ал ашканадагы туз, горчица же сары кычы, уксус сыяктуу эле татымалдын бир түрү.
Маектешибиз өз китебинде Борбор Азиядагы көчмөн элдердин дасторконуна кайрылбаганын, себеби мындай даам татым менен анча тааныш эместигин, бирок келечекте буга көңүл бура тургандыгын убада кылды. Деген менен беш бармакты көчмөн тамак-ашынын туу чокусу санаарын, Ташкендиктердин нарыны сыяктуу бул аш турмуш жагдайы өзгөргөн сайын өзгөрүп тургандыгын белгиледи.
Жаңыл Жусубжан
http://www.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2006/06/fffd8eaa-e877-42a8-934f-b34bab7ba766.asp