Калыгул Бай уулу
Wikipedia дан
Калыгул Бай уулу, Калыгул ырчы (1785-1855)- «заманачы» акын. Ысык- Көл боюндагы кыргыздардын акыны жана санат-насаатчыларынан болгон. Анын «Акыр заман», «Кыямат кайым» аттуу мистикалык-философиялык ырлары эл оозунда айтылып калган. Анын муңайым маанайдагы чыгармаларында манаптардын өз ара чыр-чатактары, Кокон хандыгынын алык- сатыктары, карапайым элдин каржалаган турмушу таасын чагылдырылган. 1854-ж. Ормон хандын айылындагы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышына шылтоо болгон ордо оюнун токтотууга аракеттенген.