Кыргыз тили
Wikipedia дан
Кыргыз тили – кыргыздардын эне тили.
К.т. 1924-1927 жж. реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1941 жж. латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1941 жылдан тартып орус графикасынын негизиндеги жазууда. Жазуу системааларынын өзгөрүшү менен бирге К.т. орфоргафиялык эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп жаткан эрежелер «Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын 2002-жылдын 28 июнундагы 3 № 380-11 токтому менен бекитилген.
- кыргыз тилинин грамматикасы;
- кыргыз тилинин диалектилери;
- кыргыз тилинин лексикасы;
- кыргыз тилинин орфографиясы;
- кыргыз тилинин тарыхы;
- кыргыз тилинин жазуу эрежелери;
- кыргыз тилинин фонетикасы;
Кыргыз алфавити:
Аа Бб Вв Гг Дд Ее Ёё Жж Зз Ии Йй Кк Лл Мм Нн ң Оо Өө Пп Рр Сс Тт Уу Үү Фф Хх Цц Чч Шш Щщ ъ Ыы ь Ээ Юю Яя