Ош шаары
Wikipedia дан
Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт. Шаар Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Ош Сулаймантоо жана Акбуура дарыясы менен атактуу. Бишкектен “түштүк борборго” чейинки автожолдун аралыгы 600 чакырымдай. Калкы 239,5 миң адам. Ош - байыркы шаар. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.