Чоюке Өмүр уулу
Wikipedia дан
(1863, Каракол уезди, Түргөн болушу, Түргөн айылы- 1925, ошол эле жер)- манасчы. Арык уруусунан. Саякбайдын устаты. Ч-нин таржымалына, чыгармачылыгына байланыштуу айрым маалыматтар аны көрүп-илип, «Манасын» угуп калган кишилердин айтымында мындай эскерилет: «Ч. кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулуп, турмушу жупуну өткөн. «Манасты» 17-18 жашынан айтып, 25-30 жаштар чамасында топко айтып чыккан. Манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана аны чоролорунун мекенин көрөм деп 1900 жылы Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан. Кытайдагы кыргыздар менен казактарга барып, «Манас» айткан учурлары болгон экен.
«Манас», «Семетей», «Сейтекти» айтуу жагынан анын алдына киши чыкпаган. Ушул кезде да Ч-ден уккандар андай эч ким айта албайт деп тамшанышат.