"Манас" дастаны
Wikipedia дан
«Манас» - кыргыз элинин баатырдык эпосу.
Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. Айрым манасчылар аны сегиз урпагына (Кенен, Алымсырак, Кунансырак ж.б.) чейин айтышат. «М.» д-да кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. «М.» д-нын айрым эпизоддору 16 к-да жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасында айтылат.
«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.
Пайдаланылган адабияттар:
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Ф.:Кыргы. Совет Энциклопедиясыныны Башкы Ред., 1990. 113 б. ISBN 5–89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.