Радлов Василий Васильевич
Wikipedia дан
Радлов Василий Васильевич (Фридрих Вильгельм) (5.1.1837,Берлин, - 12.5.1918,Петроград) - Чыгыш изилдөөчү илимпоз жана түрколог, этнограф, археолог, Петербург Илимдер Академиясынын академиги(1884).
Берлин университетин бүткөн (1858), Илимдер академиясынын антропология жана этнография музейине (1894-1918) директор болгон. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин бир нече ирет көтөрүп, аны башкаргандардын бири. 1860-70 жж. Алтайга, Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга бир нече ирет экспедиция жасап, түрк элдеринин тили, фольклору, этнографиясы жана археологиясы боюнча материал жыйнаган. 1891 ж. ИАнын Орхон экспедициясын башкарган, 1898 ж. башында Д.А.Клеменц турган Турпан экспедициясын уюштурган. Биринчилерден болуп Орхон-Енисей жазуусун окуган, Клеменц таап келген байыркы уйгур даректерин изилдеп, жарыялоону баштаган. Р. түрк тилдерин салыштырма-тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салгандардан (“Түндүк түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, 1т., 1882, “Монголиядагы байыркы түрк жазмалары”, 1894-1895, “Түрк тилдеринин морфологиясын сыпаттап жазууга киришме, 1911), түрк элдеринин оозеки чыгармалары боюнча көп материал жыйнаган (“Түрк уруууларынын элдик оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү”, 1-10 бөл., 1866-1907); “Түрк наречиелер сөздүгүнүн тажрыйбасы” (1-4 т., 1882-1909) ж.б. эмгектерди жарыялаган. Орто Азияга жасаган экспедициясында кыргыздар арасында эки мертебе (1861 ж. Текесте, 1869 ж. Чүйдө) болуп кыргыз тили, фольклору боюнча да материал жыйнаган, анда асыресе “Манастын” сюжеттеринен жазып, 1885 ж. кыргыз, немец тилдеринде жарыялаган; манасчылардын, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүнө таң калып, бул өнөрдүн башка түрк элдерине караганда кыргызда өзгөчө өөрчүгөн атайы баса белгилеген. Р-дун түрк тилдеринин, дагы башка тилдердин классификациясын, тарыхый диалектологиясын жана түрк элдеринин этногенезин изилдеген эмгектери бар.