Философия
Wikipedia дан
Философия (грек тилинен phileo - суйөм, sophia - акылмандык) - адам менен дүйнөнүн катнашы, жаратылыш, коом жана ойломдун өнүгүшүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим; бытиенин жана таанымдын жалпы принциптери жөнүндөгү окуу; өзүнүн принциптерин рационалдуу түрдө негиздеген коомдук аң-сезимдин теориялык формасы. Ф. дүйнө жана андагы адамдын ордуна көз караштардын жалпыланган системасын иштеп чыгууга, коомдук-саясий, адеп-ахлак жана эстетикалык мамилелерди изилдөөгө багытталган.